Президентти отургузуп, ууруну бошотуу. 30 жылда 17 жетекчини алмаштырган Кыргызстандын УКМКсы кандай жетишкендиктерге жетишти
Айсымбат Токоева|Никита Данилин
Президентти отургузуп, ууруну бошотуу. 30 жылда 17 жетекчини алмаштырган Кыргызстандын УКМКсы кандай жетишкендиктерге жетишти

Иллюстрация: Соня Владимирова / Медиазона

Эгемен Кыргызстандын саясий тарыхында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети дайыма башкы ролду ээлеп келет. Адатта бул кызматтын жетекчилигине президенттердин эң жакын үзөңгүлөштөрү дайындалат. Мындан кийин алардын жолу экиге бөлүнөт — бири кылмыш иштеринин фигуранттарына айланса, экинчилери кесиптик жолунда андан ары көтөрүлөт. Атайын кызматтын таасири жыл сайын өсүп келет, ал эми анын учурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевдин 2020-жылы бул кызматка дайындалышы аны дегеле маанилүүлүгү боюнча өлкөдөгү экинчи кишиге айлантты. «Медиазона» СССРдеги КГБнын Борбор Азиядагы мураскерлери тууралуу тексттер сериясын улап, УКМКнын азыркы Кыргызстандын тарыхындагы ролу, анын өлкө башчысы же криминал менен байланышкан чуулгандуу иштери жана революцияларга катыштыгы тууралуу айтып берет.

Тарыхы

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 1991-жылы 20-ноябрда түзүлгөн — бул күнү президент Аскар Акаев КГБны өзгөртүп, кайра түзүү тууралуу токтомго кол койгон. Ведомствонун алгачкы жетекчиси болуп күч түзүмдөрүндө иш тажрыйбасына ээ болгон Анарбек Бакаев дайындалган. Ал узак убакыт идеологияга жооп берген партиялык функционер болуп эмгектенген, ал эми кызматка дайындоонун алдында билим берүү министрлигине башчылык кылып турган.

Бакаевди УКМКнын түптөөчүсү деп эсептешет. Мында бир аз тамашалуу жагдай бар — ал бул кызматка жарандардын катарынан келген саналуу кишилердин бири болгон. Кызматка киришери менен Бакаев биринчи кезекте башкача ой-пикирде болгондорго каршы иш алып барган башкармалыкты жойгон. Аны менен бирге коррупция, аткезчилик жана баңги бизнесине каршы күрөшүү боюнча башкармалык пайда болгон. 1992-жылдын 27-октябрында «Т» бөлүмүнүн алдында терроризмге каршы күрөшкө багытталган ыкчам-күрөш бөлүмү түзүлгөн. Кийин ал «Альфа» спецназына айланат.

Журналист Семетей Аманбековдун Elgezit.kg сайтында жазган макаласына караганда, Бакаев жетекчи болуп турганда ведомство коррупцияга каршы күрөшүүгө аракет жасап, губернатор жана министрге чейинки чоң аткаминерлердин айыбын ачкан. Алардын кээ бири кызматтан да алынган, бирок бийлик атайын кызматка аларга каршы иш козгоого мүмкүнчүлүк берген эмес. Мындан улам Бакаев отставкага кетейин деп жаткан, бирок 1996-жылдын 21-октябрында ал жол кырсыгына кабылып, комага түшүп, бир жарым жылдан кийин каза болгон.

Учурда Бакаевдин атын Кесиптик кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту алып жүрөт. Жакында анын базасында УКМКнын кыргыз академиясын ачуу пландалууда.

Бакаевдин жетекчилигинин акыркы айларында УКМК Улуттук коопсуздук министрлигине өзгөртүлгөн. Мындан кийин ведомство дагы бир нече жолу реформалоону баштан өткөргөн. 2000-жылдын 25-декабрында УКМ Улуттук коопсуздук кызматына, кийин 2007-жылы УКК мурдагы УКМКга айланган. 2010-жылдын 20-октябрында УКМК аталышынан кайрадан баш тартып, анын негизинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы түзүлгөн. 2010-жылдын 17-декабрында гана ведомство кайрадан баштапкы аталышына өтүп, бүгүнкү күнгө чейин УКМК аталып келет.

Мекемедеги өзгөрүүлөргө көбүнчө 2005 жана 2010-жылдардагы революциялар жана андан кийинки окуялар таасир эткен. Мисалы, атайын кызматтын жетекчилигине 2006-жылы дайындалган Мурат Суталинов 2010-жылдагы апрель революциясында митингчилерге ок атуу тууралуу иш боюнча 20 жылга колонияга эркинен ажыратылган. Андан кийин келген Кеңешбек Дүйшөбаев дээрлик бир жарым жыл кызмат өтөп, 2010-жылдын июнь айындагы кандуу Ош окуяларын алдын ала албай койгону үчүн кызматтан алынган.

УКМКнын жетекчиси 2020-жылы октябрь төңкөрүшүнөн кийин дагы алмашкан. Ошондо азыркы президент Садыр Жапаров бийликке келип, атайын кызматтын башчылыгына өзүнүн үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевди дайындаган. Ал эми ведомствону ага чейин жетектеп турган Орозбек Опумбаевге карата издөө жарыяланган.

Ошол убактан бери УКМК өз тарыхындагы дүркүрөгөн мезгилди баштан өткөрүп жатат: Ташиев аны сындагандар менен улам-улам ачык айтышып турат. Мисалы, ал депутат Адахан Мадумаровду колун сындырып, түрмөгө отургузам деп коркуткан, иликтөөчү-журналисттерге карата кылмыш иштери козголуп турат, чек ара кызматы тажикстандык кесиптештери менен көбүрөөк тирешүүгө мажбур. Ошол эле учурда УКМКнын жаңы имараттары бүткүл өлкө боюнча ачылууда.

Жакында эле Ташиев Кыргызстанда дагы бир жолу революция жасагысы келгендерге эскертүү берди. «Мен мурда да эскерткем, азыр да эскертип коеюн. Кимде ким "революция кылам" деп митингге чыга турган болсо, "күлүн асманга сапырып" жиберебиз. Биздин милдет — артынан беш киши ээрчибеген сасык саясатчылардын эмес, мамлекеттин, анын ичиндеги көпчүлүк элдин кызыкчылыгын сактап калыш», — деп айткан ал июль айынын ортосунда берген интервьюсунда.

Анткен менен бийликтин атаандаштарына, активисттерге жана журналисттерге басым жасоо — УКМК үчүн жаңы ыкма эмес. «Адилет» укук коргоо уюмунун директору Чолпон Жакупованын айтымында, мындай көрүнүш ар бир мезгилде болуп келген.

Иллюстрация: Соня Владимирова / Медиазона

Жетекчилери

Феликс Кулов

1997-жылдын апрелинде УКМдин башчылыгына Феликс Кулов дайындалган. СССР мезгилинен бери ал милицияда иштеп, Чүй облусунун губернатору жана көз карандысыз Кыргызстандын вице-президенти болуп эмгектенген. Кулов Акаевдин ишенимине ГКЧПнын маалында эле татыган — башкалар Москванын буйруктарын аткарууга даяр болуп турган убакта, ал республиканын суверенитетин коргоого даяр болгон күч түзүмдөрүнүн жалгыз жетекчиси болгон. Куловдун позициясы үчүн аны «Темир Феликс» жана «элдик генерал» деп аташкан.

Атайын кызматты Кулов бир жыл гана жетектеген. Бул убакыт аралыгында ведомствонун түзүмүндө жашыруун атайын операцияларды өткөрүүгө багытталган «Калкан» аттуу террористтерге каршы жашыруун бөлүм ачылган.

1998-жылдын апрелинде Кулов Бишкектин мэри болуп шайланган, андан кийин ал оппозицияга кетип, ал тургай 2000-жылы президенттик шайлоого өз талапкерлигин да койгон. Бирок Кулов кыргыз тили боюнча тесттен өтүүдөн баш тартып, жарыштан четтетилген. Анткен менен анда Акаевге олуттуу атаандаш болуу мүмкүнчүлүгү чоң болгон.

Шайлоодон кийин бир нече ай өткөн соң, 2001-жылдын 22-январында, Бишкек гарнизон соту Куловду кызмат абалынан кыянат пайдланганы үчүн жети жылга эркинен ажыраткан. Айыптоочунун версиясы боюнча, ал түзгөн «Калкан» бөлүмү анын жеке көзөмөлүнө өтүп кеткен, ал эми бөлүмдүн аскерлери кызматтык кылмыштардан улам жумуштан айдалган милиционерлердин арасынан тандалып алынган. Ошондой эле, Кулов менен анын кол алдында иштегендер атайын техниканы мыйзамсыз сатып алууга жана депутаттарды тыңшоого шектелген.

Кийинки жылдын май айында Куловго карата дагы бир өкүм чыккан — сот ал Чүй облусунун губернатору болуп турганда акча каражаттарын коротууда күнөөлүү деп таанып, 10 жыл колония режимине кескен.

2005-жылдын март айындагы «Жоогазын революциясы» учурунда митингчилер Куловду колониядан бошотушкан. Кийин Жогорку сот анын кылмыш иштерин кайра карап чыгып, алар ойдон ойлоп чыгарылган деген тыянак менен Куловду актаган. Курманбек Бакиев шайлоодон жеңип чыккандан кийин ал премьер-министрлик креслосуна отурган.

2006-жылдын январында Феликс Кулов кримтөбөл Рыспек Акматбаевге карата чыгарылган актоо өкүмү үчүн күч түзүмдөрүн сынга алган — анда мамлекеттик айыптоочу сот процесси учурунда Акматбаевге болгон дооматынан күтүүсүз баш тарткан эле. Премьер-министр криминал менен бийликтин биригишинин айкын белгилерине көрсөтүп, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаевдин кызматтан алынышына жетише алган.

Жыйынтыгында президент Бакиев Куловду «бийликти криминалдаштыруунун айланасындагы албууттанууну» күчөтүүгө айыптап, премьер-министрдин кызматын жоюуну сунуштаган. Бирок бул план ишке ашкан эмес — Бакиев менен болгон пикир келишпестикке карабастан, Кулов дээрлик дагы бир жыл премьерлик кызматта иштеген.

Мурат Суталинов

Мурат Суталинов кесиптик жолун советтер маалында тергөөчү кызматынан баштап, акырындык менен көз карандысыз Кыргызстанда ИИМдин башчысына чейин жеткен. 2006-жала ал Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын ордун ээлеген.

Суталинов жетекчилик кылган алгачкы жылдары тыңчылыкка бурган өзгөчө көңүлү менен эсте калган. 2007-жылы ведомство Кытай чалгындоосунун агентин кармаган — ал Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын консультанты Жыпаргүл Арыкова болуп чыккан. Ошондо көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекеттик чыккынчылык боюнча айып тагылган. Арадан төрт ай өткөн соң, ведомство аты аталбаган мамлекеттин пайдасына мамлекеттик чыккынчылык жана тыңчылык кылган деген шек менен Коргоо министрлигинин төрт офицерин кармаган.

2010-жылы апрель революциясынан кийин Суталинов Бакиевдин администрациясындагы башка аткаминерлер менен бирге издөөгө жарыяланган — алар тынч турган митингчилерге ок атууга буйрук бергенге шектелишкен. Ал революцияда Бишкектеги Ак үйдүн алдында 87 адам каза болуп, 100дөн ашуун адам октон жарадар болушкан.

2011-жылдын аягына чейин Суталинов чет өлкөдө жашынып жүргөн, бирок 14-декабрда апрель окуялары боюнча өтүп жаткан сот отурумуна өз эрки менен келген. Сот процесси бир нече жылга созулган. Суталинов менен анын кол алдында иштеген бир нече офицерлер митингчилерге ок атууга буйрук бербегенин айтышкан.

2012-жылдын жаз айларында Суталиновго рак диагнозу коюлуп, анын оң бөйрөгү алынгандан кийин ал үй камагында чыккан. 2014-жылы сот аны күнөөлүү деп таап, 20 жыл колонияга кескен. Бир нече жыл өткөндөн кийин анын ден соолугу начарлап, сот анын ден соолугунун абалына байланыштуу бошотууну чечкен.

Абдил Сегизбаев

2015-жылы президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын башчылык кызматына качкын президент Акаевдин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевди дайындаган. Атамбаев өзүнүн чечимин «мен үчүн эң башкысы адам чынчыл болуп, өлкө кызыкчылыгын сатып кетпеши керек» деп түшүндүргөн.

Журналист Семетей Аманбековдун маалыматына караганда, Сегизбаевдин жетекчилиги алдында атайын кызмат «режимдин башкача ой-пикирде болгондорду жазалоо боюнча мыкты куралына» айланган. Атамбаев пландагандай эле, комитет Башкы прокуратура менен биргеликте саясий иштерди «бирден чыгара» баштаган.

2016-жылы депутат жана «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Атамбаев сүрөмөлөгөн Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы чыгып, ага импичмент жарыялоону сунуштаган. Ошондо Сегизбаев президентке документтерди берген жана ага ылайык, Текебаев жана анын партиялаштары Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Салянова 2012-жылы «Альфа Телеком» ЖАКынын 50%дан ашуун акциясын сатууга кызыкдар болгон.

Ошондой эле, качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим бул бүтүмдүн жыйынтыгында 50 млн доллар ала алмактыгы да айтылган. Сегизбаев бул кагаздар Белиз бийлигинен алынганын айтып көшөргөн. Анткен менен документтердин аныктыгы далилденген эмес. Бул окуя эл оозунда «Белизгейт» деп аталып калган, ал эми Текебаевдин тарапташтары иштин териштирилишин жана Сегизбаевдин отставкасын талап кылышкан.

Коомдук басымга карабастан, Сегизбаев атайын кызматты дагы эки жыл башкарган. Анын тушунда орун алган акыркы саясий иштердин бири — 2017-жылдагы президенттик шайлоого талапкер Өмүрбек Бабановду куугунтукка алуу болгон. Шайлоодон кийин Башкы прокуратура Бабановго каршы улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча иш козгогон, мындан улам саясатчы өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Кийинчерээк УКМК Бабановго карата бийликти басып алууга даярдануу боюнча дагы бир иш козгогон. 2021-жылы саясатчыга карата кылмыш иштери толук токтотулган.

2017-жылы шайлоодо жеңишке жеткен Атамбаевдин мураскери — Сооронбай Жээнбеков Сегизбаевди кызматтан 2018-жылдын апрелинде алган. 2011-жылдын январында, Сегизбаев кезектеги президенттик шайлоодо утулгандан кийин Белиз документтери тууралуу иш боюнча кармалган. Арадан бир жыл өткөн соң Бишкектин Биринчи май райондук соту аны кызмат абалынан кыянат пайдаланууда күнөөлүү деп таап, 4 млн сом айыппулга жыккан.

Чуулгандуу иштер

Азиз Батукаевдин бошотулушу

2013-жылдын 9-апрелинде Нарын соту «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди колониядан бошотуп жиберген — буга дарыгерлердин Батукаевге койгон «курч лейкоз» диагнозу себеп болгон. Кыргызстандын ЖАМКынын күзөтү менен Батукаев ошол эле күнү Орусияга учуп кетип, ал жактан жарандык алган.

Бул окуя кыргызстандыктардын нааразылыгын жараткан. Парламент Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна тиешеси барлардын баарын кызматтан алууну өкмөткө сунуштаган. Аткаминерлердин узун тизмесиндеги фигуранттардын бири — күч блогу боюнча вице-премьер жана УКМКны 2011-жылдын декабрынан 2012-жылдын октябрына чейин жетектеген Шамил Атаханов да бар болгон.

Башкы прокуратура Батукаевди бошотуу тууралуу ишти 2013-жылдын июль айында козгогон. Арадан үч жыл өткөндөн кийин гана аны эл аралык издөөгө беришкен. Депутаттар атын атаган чиновниктер жана күч түзүмүнүн кызматкерлери айыптоолордон кутулуп кеткен — алардын көбү, анын ичинде Атаханов дагы кызматтан өз эрки менен кеткен.

Тергөө дээрлик беш жыл ордунан жылган эмес, ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары жоопкерчиликке эч ким тартылбаганына нааразы болушкан. 2015-жылы башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөөнү жандандыруу боюнча маселе «чечилип жатканын» айтып ишендирген.

Бирок бул 2019-жылы гана, президент Атамбаев Сооронбай Жээнбековго болгон таасирин толук жоготкондон кийин гана ишке ашкан. Тергөө Атамбаев Батукаевдин бошотулушунун башкы демилгечиси болгонун, анын жардамы менен качкын президент Курманбек Бакиевди Орусиядан мекенине экстрадициялагысы келгенин билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2012-жылдын июнь айында Атамбаев өзүнүн иш бөлмөсүнө УКМКнын башчысы Шамил Атахановду чакырып, ага «мыйзамдагы ууруну» бошотуу боюнча планды иштеп чыгууну тапшырган. Атаханов бул иштин үстүндө Коопсуздук кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев менен бирге иштеп баштаган. Табалдиев кийин УКМКны 2013-жылдан 2015-жылга чейин жетектейт.

Тергөөнүн айтымында, алар күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин, аткаминерлерди, дарыгерлер менен судьяларды координация кылып, алардын жардамы менен Батукаевдин медициналык документтерин жасалмалашкан — жыйынтыгында ага «курч лейкоз» диагнозу коюлуп, эркиндикке бошотулган.

Бул иште жалпысынан 19 адам шектүү катары өткөн. Табалдиев качып кеткен, ал эми Атаханов жана дагы башка 13 шектүү тергөө менен бүтүмгө барган. Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга колонияга кесилген. Тергөө менен келишимге барган фигуранттардын баары 260 миң сомдон 300 миң сомго чейинки айыппулга жыгылган.

Бусурманкул Табалдиев ИИМдин тергөө кызматына өз эрки менен келип, эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде бошотулганы 2022-жылдын апрель айында белгилүү болгон. Учурда бул иште анын статусу белгисиз.

Кой-Таш

2019-жылдын август айында орун алган Кой-Таш окуялары түздөн-түз Алмазбек Атамбаев жана Азиз Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш менен байланыштуу. Атамбаев бул иш боюнча үч жолу суракка чакырылган, бирок ал келүүдөн баш тартып койгон. 7-августта УКМК Атамбаевди күч менен алып келүү боюнча атайын операцияны баштаган. Мурдагы президентти кармоо боюнча негизги тапшырма «Альфа» спецназ бөлүмүнө жүктөлгөн. Мындан тышкары, операцияга ИИМдин кызматкерлери да тартылган.

Иллюстрация: Соня Владимирова / Медиазона

Штурм башталар алдында Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн аймагында анын көптөгөн тарапкерлери жүргөн — алар спецназга олуттуу каршылык көрсөтүп, УКМКнын кызматкерлерине таш ыргытып, ал тургай айрымдарынын курал-жарагын тартып алып, туткунга түшүрүшкөн. Атамбаев эки күндүк коргонуудан кийин сүйлөшүүгө барып, колго түшүп берген.

Штурм учурунда спецназдын офицери Усөнбек Ниязбеков каза болуп, 200дөн ашуун адам ар кандай деңгээлдеги жарааттарды алган, анын ичинде октон да жарадар болгондор бар. Тергөө Ниязбековду Атамбаев өзү өлтүргөн деп эсептейт.

Ал убакта УКМКны Орозбек Опумбаев жетектеп турган жана атайын операцияны өткөрүү боюнча дооматтар так анын дарегине айтылган. Мисалы, укук коргоочу Чолпон Жакупова эмнеге Кой-Ташта «Альфа» спецназы иштегенине түшүнбөсүн, болбосо орун алган окуяларды ИИМдин юрисдикцисында болгонун айткан.

2020-жылдын октябрындагы саясий кризис маалында Орозбек Опумбаев УКМКнын жетекчилигинен жана Кыргызстандан чыгып кеткен. Учурда ага издөө жарыяланган.

Журналисттерди куугунтуктоо

2022-жылдын башы Кыргызстанда УКМКнын журналисттерге мурда болуп көрбөгөндөй басым кылуусу менен белгилүү болду. Биринчи болуп иликтөөчү-журналист Болот Темировго басым көрсөтүлдү. Ал 22-январда кармалган — УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү жана мазут эскпорттоонун негизинде түзүлгөн коррупциялык схемадан түшкөн киреше тууралуу видео жарыялаган күндүн эртеси.

Ошол эле күнү күч кызматкерлери Temirov Live ютуб-каналынын редакциясынын кеңсесине келишкен. Темировдун кесиптештеринин айтымында, УКМКнын кызматкери анын чөнтөгүнө белгисиз оромду жашырын таштап туруп, кийин көз көрүнө таап алып, журналисттин колдорун булгап, полго жаткызган. Темировго баңгизат каражаттарын сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоого боюнча айып тагылган. Ушул эле иштин алкагында Темировдун иликтөөлөрүн кыргыз тилинде ырдап айтып берген акын Болот Назаров дагы кармалган.

Кийинчерээк редакциянын бир кызматкери айтып бергендей, УКМКнын кызматкерлери аны «кызматташуу тууралуу келишимге» кол коюуга мажбур кылып, андан Ташиевдин үй-бүлөсү тууралуу иликтөөнүн жарыяланар күнүн айтууну талап кылышкан.

Апрель айында Темирго карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул жолу документтерди жасалмалоо жана Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз басып өтүү боюнча козголду. Аны Бишкектин милициясы иликтеп жатат. Темиров «Медиазонага» айтып бергендей, бул иликтөөнү УКМКнын 5-башкармалыгы баштаган. Дал ошол ведомстводо ыкчам иш-чаралар көрүлүп, анын негизинде УКМКнын тергөө бөлүмү иликтөөнү баштаган.

«Бул иштин үстүндө биз иштебей элебиз дегенчилик кылып, өз изин жашыруу максатында алар материалдарды ИИМге өткөрүп беришкен. Чек арадан өтүү УКМКнын юриспруденциясында болгонуна карабастан, көңүлдү өздөрүнөн бурдуруш үчүн алар бул ишти ИИМге өткөрүшкөн», — деп түшүндүрүп берди Темиров.

4-мартта УКМК Next TV жеке телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевди кармаган. Ал бир каналдын Кыргызстан тарабынан Орусияга аскердик жардам берүү тууралуу маалыматын репост кылганы үчүн улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген. Ыкчам кызматкерлери Next TV каналын телеберүүдөн өчүрүп, бардык жабдууларды алып, редакцияны жапкан.

Телеканалдын башчысы, саясатчы Равшан Жээнбеков ошондо билдиргендей, кеңсени жабууга, эфирди токтотууга жана директорду камакка алууга эч кандай укуктук негиздер жок болчу, анткени редакция кайра жарыялоодо «башка ресурска» таянган — шилтеме Казакстандын УККсынын мурдагы башчысы Альнур Мусаевдин фейсбуктагы постуна берилген.

Кыргызчага которгон: Кайрат Замирбеков