Иллюстрация: Mari Msukanidze / Медиазона
Апрель айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкектин түштүк бөлүгүндө капсула орнотуп, өзүнүн администрациясы үчүн жаңы имараттын «масштабдуу курулушуна» старт берген. Комплексти советтер мезгилинде тургузулган «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна куруу пландалууда. Бул курулуш иши дароо кыргызстандыктардын нааразычылыгын жаратты — аткаминерлер долбоордун чоо-жайын, бюджетти жана каржы булагын ачыктабай жатышат. Жапаров болсо хансарай өзү үчүн эмес, келечек президенттер үчүн деп ишендирүүдө. Бийлик экономикалык кризистин шартында жаңы администрацияны кантип жана эмне үчүн курайын деп жатканын «Медиазона» териштирди.
Январь айынын аягында Бишкектин түштүк жагында «Ысык-Көл» аттуу тарыхый имаратты бузуу иштери башталды. Техниканын сегиз кабаттуу мейманкананын бетон дубалдарын бузуп жаткан видеосу бардык кыргыз медиаларында жарыяланды.
Имарат 1984-жылы тургузулган, бирок аны бузуп баштаганга чейин ал он жылга жакын убакыттай каралбай калган эле. Советтик бийликтин планы боюнча, имарат республиканын өндүрүштүк жана курулуштун дүркүрөп өсүшүнүн символу болмок. Ага 3,64 га жер карайт. СССР таркагандан кийин, 1993-жылы мейманканага архитектура эстелиги деген макам берилип, ал Кыргызстандын президентинин иш башкармалыгынын балансына өткөрүлгөн.
Мейманкананы бузуу боюнча пландар 2021-жылдын декабрында белгилүү болгон. Ошондо Жапаровдун администрациясынан имарат «айланадагылар үчүн коркунуч туудурат» деп түшүндүрүшкөн.
«Тосмолорго карабастан, территорияга жарандар абдан көп келет, имарат күтүүсүздөн урап кетиши мүмкүн жана мейманкананын аймагында жүргөн адамдар жабыркашы мүмкүн», — деп билдиришкен аткаминерлер.
«Ысык-Көлдүн» бузулушуна активисттер да, долбоордун авторлору болгон архитекторлор жана курулуш башкармалыгынын мурдагы аткаминерлери да каршы чыккан. Архитекторлордун айтымында, мейманкананы бузууга аны калыбына келтирүүгө кетчү акча коройт.
Буга карабастан, имарат 27-январда толугу менен бузулган.
Советтик мейманкананын ордуна президент Садыр Жапаровдун администрациясы үчүн жаңы имарат курулары 2021-жылдын декабрында белгилүү болгон. Жапаровдун командасы мындай чечим «акча каражаттарын рационалдуу пайдалануу, унаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу» максатында кабыл алынганын белгилеген.
Жапаров өзү курулуштун муктаждыгын жалпылап түшүндүрдү: Бишкекте административдик имараттар эскирип кеткендиктен, жаңысын куруу зарыл жана ал жүз жыл кызмат кылат, ошондой эле кийинки президенттер үчүн дагы кызмат кылат деген.
«Азыркы иштеп жаткан ордум дагы абдан жакшы. Исхак Раззаков агабыз 1950-жылы курган экен. Ошондон бери кыргызга кызмат кылып келе жатат. 72 жыл болуптур. Мен дагы ошол кишинин жолун жолдоп, бир имарат куруп кетейин дедим. 100 жыл кызмат кылсын. Имарат салып жатсам, мен аны көрүмө көтөрө кетпейм. Эл үчүн, келечек муун үчүн калат», — деп айткан Жапаров.
Кыргызстандагы министрликтер жана муниципалдык имараттардын басымдуу бөлүгү советтер бийлигинин тушунда курулган. Жапаров Кыргызстанда расмий жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү үчүн «шарттар начар» экенин билдирип келген. «Былтыр Ысык-Көлдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммити өттү. Дагы жакшы, жанталашып, үч айда резиденциянын ичине конгресс-хол сала калдык. Ошол абийирибизди жапты», — деген ал.
Жапаров «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине курган маегинде, жаңы администрациянын курулушу мамлекеттик бюджеттен эмес, инвесторлордун эсебинен каржыланарын белгилеген. Алар бартер менен Бишкектен жер алышат. Экономикалык кризис маалында пландалган масштабдуу курулушка нааразы болгон кыргызстандыктардын алдында президент ушинтип актанууга аракет кылган. Анткен менен ал инвесторлордун аттарын атаган эмес.
15-апрелде Жапаров курулуштун башталышын салтанат менен ачып, капсула салган. Ошондо жаңы администрациянын 3D-модели чагылдырылган видео жарыяланган — анда көп кабаттуу имарат, сквер жана фонтандар көрсөтүлгөн.
«Эл жакырлыктан кыйрап жатса да, булар майрамдаганын эч токтотпойт…», — деп постко комментарий калтырган фейсбук колдонуучуларынын бири.
Май айынын соңуна чейин курулушчулар котлован казып, жаңы имараттын пайдубалын тургузууга гана жетишкен.
Долбоордун чоо-жайы жана анын бюджети эмдигиче ачыктала элек. Президенттин иш башкаруучусу Тилек Батыркановдун айтуусу боюнча, администрациянын имаратын бир жылда куруп бүтүү пландалууда, бирок чыгымдардын так суммасы курулуштун жүрүшүндө гана белгилүү болот.
Жапаров мурда айткандай, инвесторлорго Бишкектин түштүк бөлүгүнөн 16 гектар жер бартер катары берилет. Журналист Али Токтакуновдун эсеби боюнча, мындай участоктун наркы 48ден 80 млн долларга чейин жетет.
Экономист Азамат Акенеев белгилегендей, бартердик келишим такыр ачык-айкын эмес — мында каражаттарды өздөштүрүп алуу же акча адалдаштыруу тобокели жогорулайт.
«[Бартер учурунда] жерди сатмайынча, анын анык баасын эсептөө кыйын. Курулуш ишине канча акча кетерин да айтуу кыйын. Ошондуктан эң жөндүү [чечим] — бул мамлекеттин активин аукциондо же конкурс жолу менен ишке ашыруу. Кийин түшкөн акчага объектилерди курса болот. Мында такыр башка деңгээлдеги ачыктык болот. Бартердик келишимдер — мурдагы кылым деп ойлойм. Ошол убакта гиперинфляция сыяктуу кырдаал абдан оор эле жана финансылык институттар иштешчү эмес. Азыр акча сыяктуу түшүнүк бар», — деп түшүндүрүп берди экономист.
Бийлик өз учурунда башка убада берип, эгер имараттын курулушунун баасы 16 гектар жердин базар баасынан аз болуп чыкса, анда инвесторлор Бишкекте башка объектилерди куруп берет деп ишендирүүдө. Президенттин иш башкармалыгы дагы инвесторлордун атын атаган жок. Долбоордо TS Group жана «Архи Вижн» курулуш компаниялары катышаары гана белгилүү. TS Group компаниясынын башчысы Алмаз Тиленовдун айтымында, курулушту каржылоо боюнча Казакстандын инвесторлору менен келишим түзүлдү.
Мындан тышкары, Kaktus.media'нын журналисттери Жапаровдун администрациянын бетип ачып, имараттын концепциясы уурдалганын билдиришкен. Журналисттер аныктап чыгышкандай, президенттин басма-сөз кызматы Pinterest жана чыныгы компаниялардын сүрөттөрүн жаңы администрацияныкы деп тааныштырган.
Кыргызстан — КМШ жана Борбор Азиядагы эң жакыр мамлекеттердин бири. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, калкынын саны 6,6 миллионду түзгөн өлкөдө жакырчылыктын деңгээли 23,80%га жеткен. Жакырчылыктын чегинде 1,6 миллион кыргызстандык жашайт — алардын көбү айыл жергелеринде турат.
2020-жылы коронавирус эпидемиясынан улам Кыргызстандын экономикасы 9,7%ды түзгөн жогорку инфляцияны баштан өткөрдү. Ал эми ИДПнын деңгээли кыйла кыскарып, акыркы 26 жыл ичинде рекорддуу болгон. 2021-жылы экономикалык кризис уланган: инфляция 11,2%ды түзүп, ЕАЭБ мамлекеттеринин арасында эң жогорку болгон. «Клооп» дүкөндөрдөгү бааларга анализ жүргүзүп, соңку үч жылда азык-түлүктүн баасы орточо эсеп менен бир жарым эсе өскөнүн аныктаган.
2022-жылы Украинадагы согуш кризисти дагы күчөтүп, азык-түлүктүн баасынын өсүшүнө таасир эткен. Кыргызстандын тышкы товар айлануусунун дээрлик 32%ы Орусияга туура келет. Доллардын курсу жана баалар Орусияда жогорулашы менен кыргыз сому дагы долларга карата нарксызданган. Эгер жыл башында доллар 69 сом болсо, июнда анын баасы 80 сомго жеткен. Мындан тышкары, экономист Сейдалы Мырзакматовдун түшүндүрмөсүнө караганда, жогорулатылган суроо-талаптан улам азык-түлүктүн баасы да өсүп кеткен.
Ал учурда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардан «кымбат баалуу буюмдарды сатып алуудан карманып, той өткөрбөөнү» суранган.
«Дүйнөдөгү окуялардан улам өлкөдөгү кырдаал начарлашы мүмкүн. Биз буга даяр болушубуз керек. Мен баарынан чыгымдарды кайра карап чыгып, жөнү жок акча сарптоону токтотууну суранам <…>. Бир дагы талаа айдалбай калбашын, ар бир жаз күнүн жер менен иштөөгө жумшоону өтүнөм. "Жаздын бир күнү бир жылды багат" дейт эмеспи», — деп билдирген Кыргызстандын президенти.
Садыр Жапаров 2023-жылы дагы бир имараттын курулушун баштоону убадалаган. Бардык министрликтер үчүн имарат жаңы администрациянын жанында орун алмакчы. Жапаров буга дагы бюджеттен акча сарпталбасын, эски имараттар жаңыга алмаштырыларын белгилеп, бул процедура кандай иштерин тактаган жок. 15-июлда президенттин иш башкармалыгы министрликтер үчүн административдик комплекстин концепциясын иштеп чыгууга конкурс жарыялаган.
Кыргызчага которгон: Кайрат Замирбеков