Манасчы деген кимдер жана эмне үчүн Кыргызстандын бийлиги аларды көзөмөлдөгөнгө аракет кылууда
Айсымбат Токоева
Манасчы деген кимдер жана эмне үчүн Кыргызстандын бийлиги аларды көзөмөлдөгөнгө аракет кылууда

Иллюстрация: Маша Д. / Медиазона

Бир жарым жыл мурда Кыргызстандын бийлиги башка ой-пикирде болгондорго каршы күрөш баштаган. Мындай аракеттерден биринчилерден болуп көз карандысыз медиалар жана журналисттер жапа чеккен. Эми болсо Бишкекте эл барктаган манасчылар менен төкмө акындарга каршы күрөш күч алды. Май айынын аягында төкмө акын Болот Назаровдун кылмыш иши боюнча угуулар башталды. Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров менен болгон жаңжалдан кийин белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков өлкөдөн чыгып кетти. Манасчылар деген кимдер, алар Кыргызстан үчүн эмнеси менен маанилүү жана бийлик алар менен иштешүүдө кандай ыкмаларды колдонуп жатканын Айсымбат Токоева баяндап берет.

Баңгизат каражаттарын сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоого айыпталган Болот Назаров Temirov Live ютуб-каналындагы коррупция тууралуу иликтөөлөрдү кыргыз тилине которуп, ыр менен айтып берүү аркылуу элге таанылган.

Төкмө акын 23-январда кармалган. Ошол эле күнү спецназ Temirov Live’дын негиздөөчүсү, журналист Болот Темировду да кармап кеткен. Милиция экөөнү тең баңгизат каражаттарын даярдоого шектеген. Темиров менен Назаровдун күтүлбөгөн жерден кармалып кетиши УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнө таандык бизнес тууралуу иликтөөнүн жарыяланган убактысына туш келген.

Эртеси бишкектиктер ИИМдин имаратынын алдына митингге чыгып, акын менен журналисттин кое берилишин талап кылышкан. Натыйжада экөө тең эч жакка кетпөө жөнүндө кол каттын негизинде кое берилген.

Камактан чыккандан кийин Назаров видео жаздырып, анда ал УКМКны активист менен журналисттерди аңдып, аларга каршы «күрөш» жүргүзгөнү үчүн ыр менен сындаган. «Биздер менен УКМК тирешкиче, бир далай олку жерин ирээттесе. Артымдын артындагы тешигимди аңдыгыча акылын бир экчесе», — деп окуган ырын акын.

Назаровдой масштабдагы акындар кыргыз коомуна олуттуу таасир эте алат. Алар өздөрүнүн ыр саптарында өлкөнүн маанилүү көйгөйлөрү тууралуу көп кеп кылышат. Алардан тышкары, оозеки айтуу өнөрүнүн дагы бир түрү — манасчылар да бар. Алар музыкалык коштоосу жок «Манас» эпосун оозеки айтышат. Акыркы убакта, Кыргызстандын бийлигинин назарына төкмө акындардын артынан манасчылар дагы түшкөндөй.

«Өз жеримди, элимди таштап кетүү оюнчук же тамаша эмес»

2022-жылдын 5-майында президент Садыр Жапаров менен болгон жаңжалдан кийин манасчы Дөөлөт Сыдыков өлкөдөн чыгып кеткен. Сыдыков «Би-би-си» басылмасына курган маегинде ал эмне үчүн чыгып кеткенинин себебин айтып жатып, бийлик ага кысым көрсөткөнүн жана анын үй-бүлөсүнө тынчтык керектигин билдирген. Манасчынын айтымында, аны коркутуу максатында Жапаров ага «дубай салам жолдогон». Мындан тышкары, ал «өз жеримди, элимди таштап кетүү оюнчук же тамаша эмес» деп белгилеген.

39 жаштагы Дөөлөт Сыдыков Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. Ал өлкөдөгү эң белгилүү манасчылардын бири. Сыдыков 2020-жылдын ноябрында Бишкектин Ала-Тоо аянтында 14 саат 27 мүнөт бою тынымсыз «Манас» айтып, узак убакыт бою тынымсыз «Манас» айтуу боюнча рекорд койгон. Мындан кийин президент Жапаров аны менен жолугуп, белектерин тапшырган.

Бирок бир жарым жыл өткөндөн кийин, 2020-жылдын апрель айында Жапаров менен Сыдыковдун ортосунда жаңжал чыккан. Ал жаңжал Бишкектеги «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин жанына президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушуна байланыштуу болгон. Ошондо «Манас айылын» жетектеп турган Сыдыков хансарай куруу планын сынга алган. Ал бийликтин этнокомплексти бузуп, анын ордуна администрация үчүн парк куруу ниети бар деп билдирип чыккан.

«Манас айылынын» тагдыры боюнча версиялар кескин айырмаланат. Башында Жапаров этнокомплекс кеңейтилип, жаңы музей курулат жана үч кабаттуу боз үй салынат деп убадалаган. Бирок манасчынын айыптоолорунан кийин Жапаровдун басма сөз кызматы куруу иштери үчүн комплекстин беш сотук жери алынаарын моюнга алган.

«Кыргыз элинин жашоосунун энциклопедиясы»

«Манас» эпосу көчмөн кыргыз элинин жашоосун жана мамлекеттүүлүккө, эгемендикке жетүү үчүн жумшаган күрөшүн баяндайт. Мындан тышкары, ал кыргыздардын маданиятын чагылдырат. Башкы каарман — Манас баатыр жана анын тукуму. Чыгарма үч бөлүктөн турат: биринчиси Манастын жашоосу жана баатырдыгы тууралуу, экинчиси анын уулу Семетей, үчүнчүсү — небереси Сейтектин жашоосу жөнүндө айып берет.

«Манас» эпосу качан пайда болгону так белгилүү эмес, анткени ал ооздон оозго өтүп отуруп сакталып келген чыгарма — манасчы деген түшүнүк ушундан улам келип чыккан. «Манастын» алгачкы бөлүмдөрүн XIX кылымда Чокан Валиханов жана Василий Радлов аттуу окумуштуулар жазып алышкан.

2009-жылы «Манас» эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген. «Эпос чарбачылык, турмуш-тиричилик, каада-салт, айлана чөйрө менен болгон мамиле тууралуу мол түшүнүк берет. Биз андан байыркы кыргыздардын география, дин, медицина, философия, этика жана эстетика боюнча түшүнүктөрүн алабыз. Валихановдун так аныктмасы боюнча, "Манас" эпосу чындыгында эле кыргыз элинин жашоосунун бардык тараптарынын энциклопедиясы болуп саналат», — деп айтылат Кыргызстандын президентинин сайтында.

Учурда «Манастын» жазылып алынган варианттарынын саны 80ден ашат — алар бири-биринен толуктугу боюнча айырмаланат. Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин версиялары классикалык болуп эсептелинет. Окумуштуулар 1920-жылы Орозбаковдон Манас тууралуу 19 миң сапка жакын үзүндүнү жазып алышкан. Ал эми Каралаевдин «Манасында» үчилтик камтылган. Ал 1930-1940-жылдары жазылып алынып, 500 миңден ашуун ыр саптан турат жана эң көлөмдүү версия болуп саналат.

Манасчы эпосту айтып жатканда, чоң көлөмдүү текстти узак убакыт бою айтып берүү үчүн транс абалына түшөт деп эсептелет. Ал эми манасчылардын айтымында, кээде мындай транстан чыгуу кыйынга турат.

Кыргызстандын бийлиги эпосту сактап, аны белгилүү кылуу максатында ар кандай программаларды ишке ашырууга аракет кылып келет. 2021-жылдын сентябрында Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргыз улуттук «Манас» театры негизделген. Ал 2022-жылдын мартында ачылган.

«Түшүмдө эпосту кантип айтыш керектигин көрсөтүп беришти»

38 жаштагы Самат Көчөрбаев Талас облусундагы айылдардын биринде туулуп-өскөн. Ал 12 жашында «Манас» айтып баштаган. Анын классында Асанкан Жуманалиев аттуу эмгек сиңирген манасчы сабак берген. Жуманалиев окуучуларга эпостон үзүндүлөрдү жаттап келүүнү үй тапшырма катары берип турган.

«[Башында] үзүндүлөрдү айтып жүрдүм. Кийин райондук, облустук жана республикалык конкурстарга катыштым. Манастын дүйнөсү бара-бара көп кызыктыра баштады. Мага Саякбай Каралаев, анын "Манасты" айтканы түрткү болду деп эсептейм. Менин түшүмө бир жолу Каралаев, бир жолу Эстебес Турсуналиев кирди. Алар түшүмдө мага эпосту кантип айтыш керектигин, кол жаңсоолорду, мимикаларды көрсөтүшкөн. Мен муну өзүмдүн ички туюмумда сырлуу билим, "аян" катары кабыл алдым. Ошондо манасчы болууга каалоом пайда болду», — дейт манасчы Көчөрбаев.

Иллюстрация: Маша Д. / Медиазона

Көчөрбаев манасчы чеберчилигин өздөштүрүп алууну көздөп, Каралаевдин «Манас» айтканын жана Орозбаковдун вариантын айткандардын үн жазмаларын дайыма укчу. Мындан тышкары, ал ушул манасчылардын аткаруусунун вариациялары боюнча түзүлгөн кыргыз тил жана адабият мугалими Бектур Исаковдун «Манас сабагы» китебин кылдаттык менен окуп чыккан.

Учурда Көчөрбаев Бишкекте турат. Ал Кыргыз улуттук филармониясында манасчы катары иштейт, мындан тышкары Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде музыка факультетинин деканы болуп эмгектенет.

«Көбү манасчылар кантип жан багат деп ойлошот. Алардын баары билимдүү деп айткым келет. Эгер айылда калып калгандарды эске албаганда, манасчылардын баары жогорку билимге ээ, алардын ар бири өз багыты боюнча адис. Алар ушуну менен акча табышат. Мисалы, Дөөлөт Сыдыков консерваторияны элдик дастандарды аткаруучу катары аяктаган», — деп айтып берди Көчөрбаев.

«Манасчынын принципиалдык позициясы»

2000-жылдардын башында, эпосту жана манасчылык өнөрдү сактап калуу максатында «Манас Мурас» коомдук фонду түзүлгөн. Ал фондго бардык атактуу жана күчтүү манасчылар кирген. Алар 2004-жылдан бери материалдык жардам сурап, Кыргызстандын бийлигине кайрылып келишкен. «Биз шоу-бизнестен эмеспиз да. Манасчылар [тойго катышуу менен] өздөрүн багып кете алышпайт», — деп түшүндүрүп берди Көчөрбаев.

Көчөрбаевдин айтымында, «Манас» театры ачылганга чейин бийлик тарабынан эч кандай системдик колдоо көрсөтүлгөн эмес болчу: «[Театрга] жумушка бардык манасчылар орношту, айлык алып турушат». Анын айтуусу боюнча, театрдын кызматкерлерине айына болжол менен 200 доллардан төлөп турушат. Бирок манасчылар пропагандист боло албагандыктан, бул алардын чыгармачылыгына таасир этпээрин билдирди Көчөрбаев.

«Жалгыз мен эле эмес, манасчылардын баары тең бийликке, байлыкка, кызматка байланган эмес. Бул манасчынын принципиалдуу позициясы. Ооба, биз ушундай театр ачылганына, элге айлык бериле баштаганына сүйүнүп турабыз, бирок биз аларды (аткаминерлерди — МЗ) мактап-жактабайбыз. Биз саясатка аралашпайбыз. Бирок биздин ал жакка аралашуубузду коом каалап жатат», — деп белгиледи Көчөрбаев.

Ал манасчылар чындыкты чындыктай айтат деп ишенет: «Эгер бийлик "Манас" үчүн кандайдыр-бир жакшы иш жасаса, биз бул жөнүндө болгонду болгондой айтабыз. Эгер жаман иш кылса, муну дагы айтабыз. Алар бизге театр ачып бергенине карабастан, эгер колунда бийлиги барлар туура эмес иштерди жасаса, бул туура эмес экенин айтып чыгабыз».

«Бийлик алардын бүркүт болуусун каалабайт»

Жазуучу Олжобай Шакир түшүндүрүп бергендей, Кыргызстанда манасчылардын эки түрү бар: жаттап айтуучулар — эпостун мурда жазылып алынган версияларын жаттап айтышат, жана төгүп айтуучулар — «Манасты» жамактап айтып, анын сюжетине өзүнүн версияларын кошумчалайт.

Шакирдин айтымында, өлкөдө «Манасты» жаттап айткандардын саны элүүгө жетет, ал эми төгүп айткандардыкы — жыйырмага жакын. Мисалы, өлкөдөн чыгып кеткен Сыдыков — «Манасты» төгүп айткандардын бири болгон. Шакир билдиргендей, Сыдыков Манастын окуясын өзүнүн оюнча чечмелеп, улантып айтат.

Жазуучу Кыргызстандын азыркы бийлиги манасчыларды көзөмөлдөгөнгө умтулат деп эсептейт. «Манасчылар Болот Темировду колдоп митингге чыгышкан. Ошондо бийлик коомдун, анын ичинде манасчылардын күчүн туюшту. Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев манасчыларды дароо жолугушууга чакырды. Манасчыларга көңүл бурулуп, аларга театр ачып берип, айлык бере башташты. Бийлик манасчыларды авторитаризмди жайылтуу үчүн колдонгусу келет», — деп билдирди Шакир.

Анын ою боюнча, Жапаровдун командасы жана күч түзүмдөрү чыгармачыл тармагындагы адамдарды пропаганданын жарчысы кылуу үчүн советтик доордун кысым көрсөтүү ыкмаларын кайталап жатат. Ал бул трендге айланып кеткенин билдирип, Сыдыковго болгон коркутууларды эскерди.

«Болот Назаровду батышчыл агент, бузулган [адам] катары көрсөтүп жатышат. Соцтармактарда ал батышка сатылып кетип, алардын ырларын аткарып жатат деп жазышууда. <…> Анткени, көрсөтпөй баңгизат салып коюу оңой, мисалы Назаровго. Жалган жалаа жабуу үчүн бийлик бардык ыкмаларга барууга даяр», — деп эсептейт жазуучу.

Шакирдин ою боюнча, эгер манасчылар чыгармачылык эркиндикти сактап калгысы келсе, алар аткаминерлердин колдоосуна багыт албашы керек. «Төкмө манасчылар бийликтин көзөмөлү бар жерде элдин кызыкчылыгын билдирип ырдай алышпайт. Алардын тилин кыскартуу үчүн [бийлик] аларга жем чачып, аларды жөжөдөй көрүп жатышат. Азыркы бийлик алардын бүркүт болуусун, алар өз алдынча болуусун каалабайт», — деп белгиледи жазуучу.

Манасчы Сыдыков Кыргызстандан чыгып кеткенден эки күн өткөн соң, 7-майда, президент Жапаров «Кабар» агенттигине интервью берип жатып, аны «манасчы эмес, пиарчы» деп атады.

«Куугунтук кылгыдай ал менин душманым беле? Катуу айтсам кечирип койгула, манасчы экен деп жүрсөм көрсө, манасчы эмес эле пиарчы экен. Эч ким куугунтук кылган жок жана кылбайт дагы. Бир тал чачы түшпөйт. 100 пайыз кепилдик берем. Бул менин президенттик сөзүм. Көрүнгөн өлкөдө тентип жүрбөй эртелеп эле кайта берсин. <…> Чет өлкөдө жашаш оюнчук эмес. Жашап көргөм мен дагы үй-бүлөм менен. Бул же пиар үчүн ушундай кадамга барды, же ниети бузук адамдардын жетегинде кетип калды», — деп божомолдоду өлкө башчысы.

Эмне үчүн Сыдыковду манасчы деп эсептебегенинин себебин Жапаров минтип түшүндүрдү: «Уккам 14 саат манас айтканын. Сөздөрүнө маани берип, аягына чейин уксаңар. Бир сөзү миң кайталанат. Антип манас айтпайт да».

Кыргызчага которгон: Кайрат Замирбеков