Баңгизат, ТИЗО жана согушту пропаганда кылуу. Кыргызстандагы күч органдарынын көз карандысыз медиаларга каршы кампаниясы
Айсымбат Токоева
Баңгизат, ТИЗО жана согушту пропаганда кылуу. Кыргызстандагы күч органдарынын көз карандысыз медиаларга каршы кампаниясы

Иллюстрация: Mari Msukanidze / Медиазона

Соңку эки жылда Кыргызстанда көз карандысыз медиаларга карата басым акырындык менен күч алууда. 2022-жылдын башынан бери журналисттер дароо үч кылмыш ишинин фигуранттары болушту — кысымга иликтөөчү-журналист Болот Темиров, Kaktus.media басылмасы жана Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиев кабылды. Эмне үчүн Борбор Азиядагы жалгыз демократия өлкөсүндө сөз эркиндиги жоголуп бараткандыгын Айсымбат Токоева териштирди.

5-мартта Бишкекте Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиев улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип, эки айга камакка алынды. Кылмыш ишинин ачылышына Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Альнур Мусаев жазган постун жарыялоо себеп болгон. Постто Мусаев «Кыргызстан менен Тажикстан Орусияга аскердик колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдиришти» деп билдирген эле.

Күч кызматкерлери редакциянын кеңсесин жаап, бардык жабдыктарын алып чыгып, Next TV каналын телеберүүдөн өчүрүшкөн. Кыргызстандын Коргоо министрлиги болсо «чет өлкөдөгү кандайдыр бир аскердик операцияларга» катыштыгын четке кагып келет.

«Чындыгында телеканалдын ишмердиги катып калды. Процесстик ченемдер бузулууда. Сот баа бере электигине карабастан, кеңсени жаап салышты. Кыргызстан сөз эркиндигин жана маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча милдеттенмелерин аткарбай жатат. Мамлекет редакциянын күнөөсүн аныктабастан эле ченемсиз санкцияларды колдонууда. Мунун баары басым жөнүндө кабар берет», — деп эсептейт «Институт Меди Полисинин» юристи Алтынай Исаева.

Юрист Кыргызстанда соңку эки жылда ЖМКларга болгон кысым күч алып жатканын, Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин «көз карандысыз журналисттердин ишмердигин дискредитациялоо күчөгөнүн» белгилейт.

«Мындай тенденция президент жалган маалыматка каршы күрөшүү тууралуу мыйзамга кол койгондон кийин байкала баштады. Аталган мыйзам кабыл алынып жаткан учурда, биз ар бир баскычта мыйзам фейктерге каршы күрөшүүгө эмес, көз карандысыз редакциялардын материалдарын жана критикаларын чектөөгө багытталганын айтып келгенбиз. Аталган мыйзамды ишке ашыруу үчүн долбоор-жобо иштелип чыгарылган. Анын анализи көрсөткөндөй, алар өздөрүнө жакпаган материалдарды, балким журналисттик иликтөөлөрдү да сотсуз эле бөгөттөгүсү келет», — деп түшүндүрүп берди юрист.

«Адилет» укук коргоо уюмунун башчысы Чолпон Жакупова дагы Кыргызстанда соңку эки жылда сөз эркиндигинин жагдайы начарлап кеткенин, журналисттерге карата козголгон кылмыш иштери көбөйүп, ЖМКлардын ишин жөндөө боюнча мыйзамдар катаалданганын билдирди.

«Менин оюмча, дагы начарлайт. Дагы көп кармоолор жана камоолор болот деп ойлойм. Бул жөн гана тенденция эмес, бул чындык болуп калды. ЖМКлар [чоң кысымга] кабылат деп эсептейм. Көз карандысыз ЖМКлар жана блогерлер иштей турган мейкиндик тарытылып жатат», — деп билдирди Жакупова.

Баңгизат жана согушту пропаганда кылуу тууралуу иштер

Январь айынын соңунда белгилүү иликтөөчү журналист Болот Темиров баңгизат даярдоого айыпталды. 22-январда анын кеңсесине спецназ кирип келип, тинтүү жүргүзгөн. Анын кесиптештеринин айтымында, тинтүү учурунда Темировдун чөнтөгүнө белгисиз оромду жашырын салып коюп, кийин көз көрүнөө таап алышкан. Журналист камакка алынып, бирок кийин аны колдоо митингдердин фонунда аны эч жакка кетпөө тууралуу кол каттын негизинде коё беришкен.

Андан кийин, февралдын башында, көз карандысыз жана популярдуу Kaktus.media басылмасы жана анын кызматкерлери согушту пропаганда кылуу тууралуу кылмыш ишинин фигуранттары болду. Иштин ачылышына кезектеги кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт учурунда Тажикстандын «Азия-Плюс» басылмасынын жаңылыгын жарыялоо себеп болгон.

Ал жаңылыкта «Азия-Плюс» кыргыз аскерлери ок атышууну биринчи баштап, аны менен чырды көкүткөн деп жазган эле. Бир нече басылма, анын ичинде «Клооп» жана Kaktus.media бул маалыматты цитата кылып келтиришкен. Кыргызстандыктардын нааразылык толкунунан улам Kaktus.media цитатаны өчүрүп, окурмандарынан кечирим сураган.

Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, басылма тажикстандык кесиптештеринин цитаталарын келтирип, Тажикстан менен болгон куралдуу жаңжал тууралуу макаланы «чындыкка дал келбеген маалымат» менен жарыялаган. 

«Kaktus.media’га гана эмес, жалпы журналисттерге басым даярдалган деп эсептейм. Так себебин жана негизин эч ким айтпайт, бирок бийлик сынга абдан сезимтал экенин божомолдосо болот: журналисттер жазып жаткан көйгөйдү чечүүнүн ордуна, кайра алардын оозун жабууга аракет кылышууда», — деп Kaktus.media басылмасынын негиздөөчү Дина Маслова билдирип, күч органдары басылманын 15 кызматкерин суракка алганын кошумчалады.

Маслова Kaktus.media жетекчилерге жакын ведомстволорго актив катары кызык болушу мүмкүн экенин божомолдойт.

«Бийлик жазгы митингдерден чочулап, ЖМКлар нааразы болгондордун баарынын позициясын чагылдырып, дагы көп терс фон жаратаарынан коркуп жаткан чыгар. Бирок, митингдерге жана сындарга байланыштуу көйгөйлөрдү ЖМКларга басым кылуу менен чечүү мүмкүн эмес», — деп жыйынтыктады журналист айым.

Kaktus.media’нын адвокаты Нурбек Сыдыковдун айтымында, булакка кеткен активдүү шилтеме менен тажик басылмасынын цитатасын жарыялоо кандайдыр бир согушту пропаганда кылууга жатпайт. Юристтин билдирүүсү боюнча, азырынча бул иште шектүүлөр жок, анткени иш факт боюнча козголгон.

«Кылмыш ишинин козголушу сөз эркиндигине карата кысым болушу мүмкүн деп эсептейбиз, анткени жөнөкөй адам цитатаны [окуп жатканда] агрессия же чакырык таштай турган эч кандай сөз жок экенин айтат. <…> Аталган учурда, бул жерде башынан кылмыш ишинин курамы болушу мүмкүн эмес», — деп түшүндүрдү юрист.

Адвокат белгилегендей, согушту пропаганда кылуу — бул куралдуу жаңжалды баштоого чакырыктар, ошондой эле системдүү жана туруктуу тарай турган кагылышуулар тууралуу ойлор.

Ошол эле учурда, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров журналисттерге «мындай катуу ыкмаларды колдонбош керек» деп эсептейт.

«Тажиктер болобу, Израиль болобу, Кытай болобу, депутаттарыбыз дагы, журналисттерибиз дагы ок атышып жатканда, адамдар өлүп жатканда, этиятыраак мамиле жасайлы. Сиздерге [журналисттерге] тийишкен эч ким деле жок», — деп айткан Жапаров 15-февралда өткөн басма сөз жыйында.

Секс-видео, аккаунттарды бузуп кирүү жана ЖМКларга каршы митингдер

Иликтөөчү журналист Болот Темиров кармалгандан кийин анын редакциясынын кызматкери (аты жашырылган) айтып бергендей, УКМКнын өкүлдөрү аны «кызматташуу тууралуу келишимге» кол коюуга мажбур кылышкан. Кыздын айтымында, күч кызматкерлери аны спортзалда жаңы таанышкан адам менен Ысык-Көлдө жыныстык катнашта болгону тартылган видеону жарыялайбыз деп коркутушкан.

Түз коркутуп-үркүтүүдөн кийин УКМКнын кызматкерлери ага кат жазып, ведомствонун башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөлүк мунай зат бизнеси тууралуу иликтөөнүн жарыяланар күнүн айтууну талап кылышкан. Журналисттен эч кандай жардам ала албагандан кийин секс-видеону интернетте жарыялашкан. «Клооп», OCCRP жана «Азаттык» биргелешип даярдаган иликтөөгө караганда, алардын булагы берген маалыматка ылайык, кыздын таанышы «Кыргызстандын атайын кызматында иштейт».

Мындан тышкары, «Клооптун» маалыматына ылайык, февралдын башынан бери белгисиз бирөөлөр 20дан ашуун журналисттердин телеграм-аккаунттарын бузуп кирүүгө аракет кылышкан. «Клооп» бул аракеттердин артында ким тураарын аныктай алган жок, бирок басылма муну медиага болгон кысым катары баалаган.

«Кечээ жакында эле журналисттер менен активисттердин соцтармактарда жазгандары үчүн кармалышын эске алсак, аккаунттарды бузуп кирүүнүн ушундай аракеттери өзгөчө коркунуч туудурат», — деп жазган басылма.

«Клооптун» эсептөөлөрүнө ылайык, алгачкы координацияланган бузуп кирүү аракети 8-февралда болгон. Ал күнү Бишкекте басма жыйын өтүп, анын катышуучулары Кыргызстанда Орусиядагыдай «чет элдик агенттер» тууралуу мыйзам кабыл алууну талап кылышкан. Алар «Азаттык» менен «Клоопту» атап өтүп, чет өлкөдөн каржыланып жаткан ЖМКларды «чет элдик агент же шпион» статусу менен белгилеш керектигин билдиришкен. Эртеси «Клооп» менен Kaktus.media’нын кеңселеринин алдында ушундай эле талаптар менен нааразылык акциялары өткөн.

Укук коргоочу Жакупова жана юрист Исаева журналисттер өз ишин уланта бериш керектигин, анткени бул коомдун кызыкчылыгы үчүн керек экенин билдиришти.

«Иликтөөлөрдү жасоону уланта бериш керек, анткени журналисттердин иши — бул элдин кызыкчылыгын мамлекетке жеткирүү. Эгер укуктук коопсуздук боюнча белгилүү кандайдыр бир суроолор бар болсо, юристтерге кайрылыш керек, алар тобокелчиликти минималдаштырууга дайым жардам беришет. Өзүн цензурага кабылтпай, өз ишин улантыш керек. Анткени бүгүнкү күндө коомчулук мурда болбогондой сапаттуу журналистикага муктаж», — деп билдирди Исаева.

Кыргызчага которгон: Кайрат Замирбеков