Аксакалдар соту. Кыргызстанда алар эмне иш кылат жана эмнеге укуктуу
Айсымбат Токоева
Аксакалдар соту. Кыргызстанда алар эмне иш кылат жана эмнеге укуктуу

Иллюстрация: Мария Толстова / Медиазона

Чүй облусунда кыргызстандык 16 жашар кызды зордуктоого шектелген адамдын үй-бүлөсү шашылыш түрдө өз айылынан чыгып кетүүгө мажбур болду. Алардын көчүп кетүүсү тууралуу чечимди аксакалдар соту чыгарган. Мурдараак жергиликтүү тургундар шектүүнүн үй-бүлөсүн өзүбүз жазага тартабыз деп коркутуп, аксакалдар сотуна басым кылышкан. Жергиликтүү прокуратуранын айтымында, аксакалдар мыйзамсыз чечим кабыл алышкан, ал эми Аксакалдар соту бирикмеси алар бул кадамга барууга мажбур болушканын айтууда. «Медиазона» аталган соттор Кыргызстанда эмне иш кылышаарын жана алардын ыйгарым укуктары кайдан башталып, кайдан бүтөөрүн териштирип көрдү.

7-декабрда Чүй облусундагы Исмаил айылынын тургундары бойго жете элек кыздын зордукталышынан улам аксакалдар сотун чогултушкан. Айыл тургундары шектүүнүн үй-бүлөсүнүн толук көчүп кетишин талап кылып, болбосо өздөрү жаза көрөрүн билдирип коркутушкан. Аксакалдар шектүүнүн үй-бүлөсүнө айылдан көчүп кетүүгө үч күн берген. 9-декабрда сегиз адамдан турган үй-бүлө айылдан көчүп кеткен, ал эми алардын үйү жергиликтүү милициянын кароосунда калган.

Райондук прокуратурадан мындай чечим мыйзамсыз экенин түшүндүрүүгө шашылды. Ведомстводон билдиришкендей, милиционерлер шектүүнүн үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылышкан, бирок алар баары бир Исмаил айылынан көчүп кетишкен.

Аксакалдар соту бирикмесинин башчысы Замира Мамакееванын айтымында, Исмаил айылынын аксакалдары калкты тынчсыздандыруу үчүн мындай чечимге барууга аргасыз болушкан, анткени шектүү менен жабырлануучунун үй-бүлөлөрү коңшу жашашат, мындан тышкары шектүүнүн үйүнө бензин чачып, өрттөп салуу коркутуулары болгон.

«Аксакалдар соту кимдир бирөөнү көчүрүүгө укуктуу эмес. Алар бул тууралуу элге билдиришкен. Бирок, эгер аксакалдар талаш-тартышты чечүү үчүн аларды сотко жөнөтүшсө, алардын арызын 15 күндөн кийин гана карай башташмак. Ал жерде болсо ыкчам чечим кабыл алыш керек болчу. Айылда ызы-чуу болуп, ИИМдин бир кызматкерин сабап, өздөрү жазалоо коркутуулары болгон», — деп түшүндүрдү Мамакеева.

Аксакалдар соту тууралуу мыйзамдын 15-беренесине ылайык, аксакалдар үй-бүлө жана мүлккө байланыштуу талаш-тартыштар боюнча жети маселени карашат, ошондой эле жер участкаларын колдонуу боюнча талаштарды чече алышат. Жергиликтүү тургундарды көчүрүү же шектүүнү камоо — алардын компетенциясына кирбейт. Алар эскертүү берип, жабырлануучулардын үй-бүлөлөрүнөн кечирим сурап, айыппул салып, көпчүлүк тарабынан сөгүш жарыялай алышат. Эгер алардын чечими аткарылбаса, алар мажбурлап аткаруу тууралуу арызы менен жергиликтүү сотко кайрыла алышат.

Тебелеп-тепсөө жана суу үчүн карыз

Чүй облусунун Спартак айылындагы аксакалдар сотунун 59 жаштагы мүчөсү Саламат Казыбаевдин айтымында, жөнөкөй айылдыктар жүгөрү же буудай сыяктуу түшүмдү мал тебелеп-тепсеп кеткенде датттанып кайрылышат. Ал мындай учурда мал ээси келтирилген зыяндын ордун толтуруп берээрин белгилейт.

Казыбаев айылдагы аксакалдар сотунда экинчи мөөнөт бою мүчө болуп иштеп келет. «Төрт жыл мурун сотко кирдим. Ар бир көчөдөн бирден өкүл деп мени тандап алышты. Мен билген деле эмесмин, жөн гана мага кабарлап коюшту. Мен дыйканчылык менен алекмин. Сиз бардык параметрлер боюнча, билим жана жаш-курак боюнча төп келесиз дешти. Мен Бишкектеги Айыл чарба институтун аяктагам. Инженер-механикмин», — деп айтып берди ал.

Алардын сотунда жети аксакал бар — алардын баары эркектер. Сот кайрылуулардын келип түшүшүнө жараша бир нече айда бир жолу өтүп турат. Элдин кайрылуулары айыл өкмөтүнүн имаратында каралат: алгач арыздануучу адам чыгып сөз сүйлөп, залдан чыгат, андан кийин сөз жоопкерге берилет.

«Биздин төрага — милициянын мурдагы кызматкери, мыкты юрист. Чечимди ошол сунуштайт. Мен укук коргоо маселелери боюнча анчейин күчтүү эмесмин, ошондуктан төрагага ишенем. Андан кийин биз эки тарапты тең чакырып, чечимибизди айтып, алардан макул же макул эместигин сурайбыз. Азыркыга чейин чечимге каршы болгондор боло элек», — деп белгилейт аксакал.

Анын айтымында, айылдыктардын үстүнөн да даттануулар келип түшөт, мисалы — таза суунун акысын төлөбөгөнү үчүн. Аксакалдар сотуна суу колдонуучулар коому кайрылат. Аксакалдар айылдыктарды чакырып, суунун акысын төлөп берүүнү өтүнөт. Алардын сотуна айылдыктар ортосунда же үй-бүлөлүк маселелер боюнча сейрек кайрылышат.

Иллюстрация: Мария Толстова / Медиазона

«Аялдар гана иштейт»

Бишкектеги Свердлов районундагы аксакалдар сотунда беш адам иштейт, алардын ичинен үчөөсү — аялдар. «Негизинен аялдар гана иштейт, ал эми эркектер кээде бош болбой, кээде келгиси келбей коюшат», — деп айтып берди соттун 77 жашар төрагасы Валентин Семенов.

Анын айтымында, бул коомдук иш болгондуктан айрым аксакалдар отурумдарга көп келбей коюшат. Семенов аксакалдар сотунда ондон ашуун чакырылышта иштеген — ал мындай соттор түптөлгөндөн бери эмгектенип келет.

«1995-жылы Аймактык коомдук өзүн-өзү башкаруунун төрагасы кылып шайлашты. Аксакалдар сотун түзүү тууралуу токтом чыгып, мен ал менен алектенүүгө аргасыз болдум. <...> Мен укук коргоо органдары менен кеңешчим. Милициянын полковниги мага жардам берип жүрдү. Ал биздин райондо жашачу, бизге документацияны алып барууга жардам берчү. Кийин биз юридикалык адабият сатып алдык: Административдик кодекс, Үй-бүлө тууралуу кодекс, Жарандык кодекс жана башкаларды. Мыйзам чыгаруучу базага негизделип иш алып барчубуз», — деп айтып берди аксакал.

Бир нече чакырылыштан кийин Семенов шаардык кеңештин депутаты болуп шайланган. Депутат болгондон кийин ал Бишкектеги аксакалдарга бир аз сыйакы берилишин камсыз кылган — бир кварталда төрагаларга 1 720 сомдон жана соттун мүчөлөрүнө 230 сомдон.

Свердлов районунун аксакалдары Аламедин-1 кичирайонунда милициянын таяныч пунктунда иш алып барышат. Мурда отурумдар ар бейшемби күнү туруктуу өтүп турчу. Бирок 2019-жылдан тарта даттануулар азая баштаган.

«Мурда укук коргоо органдары, участкалык милиционерлер, алгач текшерүү органдары материалдарды жөнөтүп турчу. 2019-жылы жаңы кодекстер кабыл алынгандан кийин аксакалдар сотуна дээрлик орун калган эмес. Эми биз түздөн-түз тургундардан түшкөн материалдар менен гана иштейбиз», — деп белгилейт Свердлов районунун аксакалы.

Анын айтымында, адатта райондун тургундары батирди суу каптап кеткенине даттанышат. Ошондой эле аларга кошуналардын талашы сыяктуу майда бейбаштык боюнча материалдар келип турат. Мындан тышкары, аксакалдар сотуна мүчөлүк төлөмдү бербегендерге даттанып, үйбашы жана ТСЖнын башчылары кайрылып турушат.

«Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча бир нече материал болгон. Мисалы, бир кемпир бар болчу. Ал балконго чыгып, жардам сурап кыйкыра берчү. Анын кошуналары аксакалдар сотуна кайрылышкан. Биз анын уулу жашаган жерди таап, аны менен сүйлөштүк. Орой тил менен айтканда, ал апасын кордочу экен — ага жардам бербей, жолугуп турчу эмес экен», — деп айтып берди Семенов.

Анын айткандары боюнча, Бишкектеги айрым аксакалдар соту бир айда 200гө чейин материалды карашчу, бирок ал иштеген сотто бир айда 120га чейин иш болгон. Мындай соттордун негизги максаты — тараптарды жараштыруу деп эсептейт аксакал.

«Өз убагында, USAID сыяктуу чет элдик кайрымдуулук уюмдар аксакалдар сотун өнүктүрүүгө жардам берип турушкан. Бирок кийинчерээк бийлик иштер боюнча отчетторду сурабай калган, ошону менен иш акырындап азая баштаган. Мурда биз сотторго, шаардык кеңешке жана РИИБдерге отчеттоду жазып турчубуз. Соңку беш жылда иш азайып калды, ал эми жаңы кодекстер киргенде иш такыр жоголду», — дейт аксакал.

Семенов аксакалдар соту зарыл, өзгөчө айыл жергесинде керек деп эсептейт. Анткени мындай соттор алым талап кылышпайт жана талаштуу маселелерди чечүүдө элге жеткиликтүүрөөк дейт ал. «Жок кылып же баш тартпаш керек, болгону өнүктүрүүгө жардам бериш керек», — деп жыйынтыктады сөзүн Семенов.

Аксакалдар сотунун трансформациясы

2017-жылы Кыргызстанда Аксакалдар сотунун бирикмеси түзүлгөн. Анын башчысы болуп 61 жаштагы Замира Мамакеева дайындалган. Ал акыркы үч жылда Бишкектеги Октябрь районунун аксакалдар сотунун төрайымы катары эмгектенип келген. «Бирикме каржылоону демилгелеген. Жаңы Конституция менен биз аксакалдар соту үчүн каржылоону киргизип, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын карамагына кирдик (Конституциянын 115-беренеси)», — деп айтып берди ал.

Мамакеева кошумчалагандай, азырынча аксакалдар үчүн эмгек акынын өлчөмү жана каржылоонун булагы аныктала элек — бул маселени бийлик иштеп чыгышы керек.

«Биз жаңы Конституцияга ылайык кылып аксакалдар соту үчүн жаңы макам табышыбыз керек. Азыр болсо аксакалдар соту — бул мамлекет каржылабаган коомдук уюм. Балким алар сот адилеттигин салттык жөнөтүүнүн атайлаштырылган соту болуп калышат», — дейт бирикменин башчысы.

Мамакеева Кыргызстанда сот өндүрүшү жай жана чыгымдуу, ошондуктан аксакалдар соту сот адилеттигинин альтернативдүү формасы катары керек деп эсептейт.

«Аксакалдар соту чечимди мыйзамдарга гана эмес, кыргыз элинин каада-салт жана үрп-адаттарына негизделип чыгарышат. Ошол себептен аларды каада-салттык судьялар деп да коюшат», — деп айтып берди мурдагы судья.

Кыргызчага которгон: Кайрат Замирбеков