Казакстандагы январь окуялары маалында сабалган кыргызстандыктардын иштери жылбай жатат
Айсымбат Токоева
Казакстандагы январь окуялары маалында сабалган кыргызстандыктардын иштери жылбай жатат

Иллюстрация: Mari Msukanidze / Медиазона

2022-жылдын январь айында орун алган толкундоолор учурунда көптөгөн адамдар полицейскийлердин кыйноосуна кабылып, кордук көрүшкөн. Алардын арасында кеминде эки кыргызстандык бар — Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыков. Алар катуу токмоктолуп, окуя жалпыга ачыкталып кеткенден кийин гана мекенине кайтып бара алышкан. Эми жабырлануучулар аларга кордук көрсөткөндөрдүн жазаланышын талап кылып, чуркап жүрүшөт. Казакстандын күч органдары кыргызстандыктардын кыйноого кабылышы тууралуу ишти кантип тергеп жатканын жана жабырлануучулардын акыйкаттыкка жетүү мүмкүнчүлүгү канчалык экенин «Медиазона» териштирди.

Январдын башында, Казакстанда нааразылык маанай жана талап-тоноолор күч алып турган маалда, кыргызстандык джазмен Викрам Рузахуновдун ысымы эки өлкөнүн тең ири медиаларында чыга баштады. Ал эми Qazaqstan мамлекеттик телеканалында аны «тоноочу» катары көрсөтүү аракети болду. Көзүн кара көк болуп шишик баскан жана бети сыйрылган Рузахунов камеранын алдында туруп, Алматага митингге катышуу үчүн учуп келгенин билдирген.

«Айдын биринчи күнүндө белгисиз адамдар байланышка чыгып, митингге катышууну сунуш кылышты. Алар 90 миң теңге сунушташты. Мен Кыргызстанда жумушсуз болгондуктан, макул болдум. Алар мага билет сатып беришти. Экинчи күнү Алматага учуп келдим. Мени бир батирге алып барышты, ал жакта Тажикстан, Өзбекстандын жарандары бар экен, бирок эмне деп сүйлөшүп жатышканын түшүнгөн эмесмин», — деп ал видеого түшүндүрмө берген.

Видеодогу кишини анын туугандары жана кесиптештери таанып, Рузахунов белгилүү музыкант-джазмен экенин, ал Алматага 2-январда концертке учуп кеткенин айтып чыгышкан. Жыйынтыгында, Кыргызстанда башталган ызы-чуудан улам Рузахуновду 10-январда кое беришкен. Мындан кийин ал Бишкекке кайтып келген.

«Көрөөр күнүң аз калды»

Рузахунов мекенине кайтып келгенден кийин кыйноого кабылганын айтып берген. «Дарыгерлер көрөөр күнүң аз калды дешкен, анткени кабыргалар сынып, өпкөгө зыян келтирилген. Бир-эки соккудан кийин жүрөк да зыян тартмак <..> Анткен менен, сурак учурунда да, кыйнап жатышканда да белгилүү музыкант экенимди айтып кыйкыргам, интернетте атымды киргизсе эле чыгат деп сурангам. Алар болгону тилдеп, шылдыңдап тим болушкан», — деп эстеген музыкант.

Ал «интервью болбогондо, кайда жүргөнүмдү эч ким билбей калмак» деп белгилеген.

9-февралда Алматада кыргызстандык джазменди кыйноо тууралуу иш козголгону белгилүү болду. Бирок, эртеси эле прокуратура отчет берип, анын денесиндеги жаракаттардын изи «кайдан келип чыкканын аныктай албаганын» билдирген. Ал эми 3-майда, үч ай өткөндөн кийин, Рузахуновдун көрсөтмөсү жоктугунан улам тергөө иштери убактылуу токтотулган.

Ошол убакта музыканттын адвокаты Рена Керимова аталган иште шектүүлөр жок экенин жана окуянын жагдайлары аныкталбаганын айтып чыккан. «Рузахунов [Алматага келип] көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатат, анткени чагымчылдан, ошондой эле өмүрүнө коркунуч жараларынан коркуп жатат. Ал эми биздин укук коргоо органдарына кайрадан жакшы болду, себеби анын катышуусу жок толук кандуу иликтөө жүргүзүү мүмкүн эмес», — деп билдирген Керимова Orda.kz басылмасына курган маегинде.

Казакстандын Кыйноолорго каршы бейөкмөт уюмдар коалициясынын башчысынын орун басары Роза Акылбекованын айтымында, тергөөнү токтотуу тууралуу чечим жокко чыгарылган, анткени Рузахуновду Бишкекте кыргыз тергөөчүлөрү суракка алышкан. Укук коргоочу белгилегендей, джазмен жана анын жактоочусу сурак учурунда видео жаздыруудан баш тартышкан, ошол себептен документ жазуу түрүндө жол-жоболуштурулган.

«Менимче, таануу иштерин жүргүзүү үчүн сөзсүз эле аны кыйноого кабылган өлкөгө алып келүүнүн кажети жок. 2021-жылы Орусияда таануу жана суракка алуу иштерин онлайн жүргүзүүнү мүмкүн кылган мыйзам кабыл алынган. Ал бул жакка келсе, кайрадан моралдык жана психологиялык кыйноолорго кабылышы мүмкүн. Физикалык жаракаттар айыгат, ал эми психологиялык жарааттар аны менен өмүр бою калат», — деп белгилейт Акылбекова.

«Буттары башкача салаңдап калган»

Викрам Рузахуновдон тышкары дагы бир кыргызстандык январда Алматада кармалып, кыйноолорго кабылган.

46 жашар куруучу Чолпонбек Сыдыков 9-январга караган түнү Алматадан Бишкекке кайтып жатканда кармалган. Аскерлер аны менен дагы бир нече адамды унаадан түшүрүп, полиция бөлүмүнө алып кетишкен.

«Тепкич менен көтөрүлдүк, андан кийин бир коридорго алып киргизишти. Ал жактан дубалга такай тургузуп алып, баарын ургулап башташты. Баарын урушту. Баарыбыз тең кыйкырып жаттык. Бизди эртең мененки саат 10дон баштап токмоктошту, түшкө маал бутумду сындырышты. Муштум, бут, дубинкалар менен сабашты», — деп айтып берген Сыдыков кийинчерээк.

Кыргызстандагы Кыйноолорго каршы коалициясынын юристи Ерлан Алимбаевдин айтымында, Сыдыковду шаарды «тазалоо» боюнча атайын операция учурунда, 8-10-январь күндөр арасында Алматадагы эки полиция бөлүмүндө кыйноого алышкан.

«Аны жана дагы башка кармалгандарды дубинка менен сабашкан. Сыдыковдун айтымында, биринчиси сабап жатканда, экинчиси эс алып турган — кезектешип сабашкан. [Бир маалда] ал далы менен жерде жатып калган, колу менен башын катып, шыйрактары жерге параллель болгондой кылып бутун бүктөп жаткан. Ушул учурда дубинка менен бутуна урушкан. Дароо кырс эткен үн чыккан: буту сынды. Сыдыков сөөк джинсыны тешип чыкканын, буттары башкача салаңдап калганын көргөн», — деп айтып берди юрист.

Иштин материалдарына ылайык, Сыдыков үчүн Масанчи 87 дареги боюнча Алматадагы кадимки турак үйгө тез жардам чакырышкан. Врачтардын айтымында, муну кыргызстандык жаран кансырап жатып, полиция бөлүмүндө каза болуп калбашы үчүн атайын кылышышы мүмкүн.

Медиктер Сыдыковду ооруканага алып кетип, ал баш сөөгүнөн жабык жаракат алганын, баш мээси чайкалып, кабыргалары сынганын аныкташкан. Мындан тышкары, анын эки шыйрагы тең майдаланып сынган жана ал үчүнчү даражадагы травматикалык шокту башынан өткөргөн. Сыдыков ооруканада 19 январга чейин жаткан, кыргыз дипломаттары аны ошол жерден табышкан.

Эртеси күнү 20-январда Сыдыковду Бишкекке алып келишкен. Мындан кийин ал дагы бир айга чукул убакыт клиникада жаткан. Ал ооруканадан «Азаттыкка» интервью берип, аны менен болгон окуянын чоо-жайын айтып берген. Сыдыков «Медиазонанын» чалууларына жооп берген жок.

Кыйноолорго каршы коалициянын директорунун орун басары Роза Акылбекованын айтымында, Сыдыковдун адвокаты анын кордукка кабылышына күбө болгондордун баарын жана катышуучуларын суракка алуу боюнча өтүнүч кат жолдогон. Акылбекова белгилегендей, Казакстандын прокуратурасы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Сыдыков менен видеоконференция уюштурууга даярдыгын билдиришкен.

«Казакстандык полицейскийлердин айынан эки буту сынган физикалык абалын эске алсак, ал [Сыдыковдун келе албашы] түшүнүктүү. Бул учурду журналда жана кармалгандын карточкасында каттап койбогон медициналык кызматкерлерди жоопко тартыш керек», — деп эсептейт укук коргоочу.

«Жабырлануучулар күнөөлүүлөр өз жазасын аларына ишенишпейт»

2022-жылдын алгачкы үч айынын ичинде эле Казакстандын Кыйноолорго каршы бейөкмөт уюмдар коалициясына 138 билдирүү келип түшкөн. Анда кармалгандарды кыйноо жана дагы башка укукка каршы аракеттер тууралуу жазылган. Укук коргоочулар белгилегендей, мындай учурларда жабырлануучуларга катуу кысым көрсөтүлүп, көп учурда иштер жабылып кетет — мисалы, жабырлануучу аны кыйнаган полицейскийлерди тааный албаган учурлар болот.

Роза Акылбекова айтып бергендей, коалиция январдагы башаламандык учурунда кармалгандардын зомбулукка кабылышы тууралуу иштердин иликтенишине кабатыр: «Жабырлануучулардын көбү аларга коопсуздук чаралары камсыздаларына ишенишпейт. Кыйноолор тууралуу иштер боюнча соттук экспертиза үстүртөн өткөрүлүүдө. Кыйноолор учурунда зарыл болгон тергөө иш-чаралары өткөрүлгөн жок, же жабырлануучулар же алардын жактоочулары андай иш-чаралар тууралуу кабардар эмес».

Ал жабырлануучулардын көрсөтмөсүнөн кийин күч кызматкерлери камалган бир дагы учур Коалицияга белгилүү эмес экенин кошумчалады.

«Жабырлануучулардын көбү алардын кыйноолор тууралуу билдирүүлөрү жана арыздары тийиштүү түрдө иликтенишине, күнөөлүүлөр тийиштүү жаза алышарына ишенишпейт», — деп жыйынтыктады Акылбекова.

Кыргызчага которгон: Кайрат Замирбеков