Айылдын атын булгады. Ысык‑Көл облусунда сот зордукталган 13 жашар кызды «өзү азгырган» деп айыптаган тургундарды айыппулга жыкты
Айдай Эркебаева
Айылдын атын булгады. Ысык‑Көл облусунда сот зордукталган 13 жашар кызды «өзү азгырган» деп айыптаган тургундарды айыппулга жыкты

Иллюстрация: Таня Сафонова / Медиазона

2020-жылдын декабрь айында Ысык-Көл облусунун Тоң айылындагы 13 жашар кызды зордуктоо тууралуу иш боюнча эки тургундун соттон акталышы кыргызстандыктардын нааразычылыгын жараткан. Коомдук нааразылыктан кийин сот бул ишти кайрадан карап чыгып, экөөнү узак мөөнөткө эркинен ажыраткан. Бирок алардын туугандары жабыр тарткан кыз калп айтканын, ал балдарды «өзү азгырганын» билдирип чыгышкан. Ушул себептен улам Канышайдын ата-энеси жаш кыздын ар-намысын жана аброюн коргоо тууралуу доо арыз менен сотко кайрылган. 24-майда Тоң райондук соту алардын тарабын колдоп, эки тургундун ар бирин 20 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген. Айдай Эркебаева Канышайдын окуясын баяндап берет.

Уурдап кетүү

Өзүн Индира деп тааныштырган бүкүрөйгөн аял жалгыз кызы Канышайдын эскирген сүрөт альбомун калтыраган колдору менен шкафка салып койду. Ал жайылган кийимдерди жыйнап, кызынын бант тагынып, ак көйнөк кийип жылмайып түшкөн мектеп портретин көрсөттү.

Акыры ал шкафты жапты, ал өзүн алаксытуунун дагы бир жолун издеди. Бирок аягында кушетканын четине отуруп, оор дем алып, жашын кармоого аракет кылып өйдөнү карады. Анткен менен эненин көз жашы медициналык беткаптын кырынан тамчылап жатты.

Индира дээрлик эки жыл мурун кызы менен ушул бөлмөдө кантип сүйлөшкөнүн эстеди — ошондо анын кызын айылдашы уурдап кетип, бир сутка өткөндөн кийин гана алып келген, бирок кыз өз үйүнө эмес, кошунасынын үйүнө барган.

«Кошунам мага чалып: "Кызыңар келди, урушпай эле акырын алып кеткиле, ыйлап жатат", — деп айтты. Ошондо кызым менен ушул диванда эмне болгонун, кайда барганын сурап отурдум. Менде эч жаман ой болгон эмес, анын зордукталганын да билген эмесмин. Бул кичинекей кыз да!» — деп кайгылуу эскерет Индира.

13 жашар Канышайды 45 жаштагы Урмат аттуу киши уурдаганы, ал кызга шаардан «кино, концертке алып барууну» убадалаганы белгилүү болгон. Милиция Урматты дароо эле кармаган — ага адам уурдоо жана зордуктоо боюнча айыптар тагылган. Ал сурак учурунда Канышайды буга чейин эки теңтушу зордуктаганын айтып берген, бирок бул тууралуу кыздын ата-энеси билчү эмес эле.

Мектеп кочегары

Индиранын чакан, жайлуу үйү кызы окуган мектептин маңдайында жайгашкан. Кызы мектепте жакшы окучу, ал волейбол ойноп, өз алдынча комузда ойноого аракет кылчу, мындан тышкары ата-энесине мал багууга жардам берчү.

«Жаркылдап эле тоого чейин барып жүрчү, атты эркек баладай минчү, кой кайтарчу. Кичинекейинен эле өзү үйрөнүп, эшекти дагы, атты дагы минчү. Ал тургай ээрсиз минчү. Ат чаптырчу», — деп эстейт энеси.

Ошол күнү, 2019-жылы май айынын башында, Индира күйөөсү менен эртеден кечке үйдө жок болушкан. Канышай сабактан кийин үйүнө кайтып келиши керек болчу, бирок ал күнү кармалып калган. Ошол күнү мектепте кочегар болуп иштеген Эржан аттуу 30 жаштагы киши жаш кызды сабактан кийин биринчи жолу зордуктаганын Индира жарым жыл өткөндөн кийин тергөөчүдөн тергөөчүдөн билген.

Кийинки аптада Эржан аны тууокутуу класстардын биринде дагы бир жолу зордуктаган. «Ал кызды коркутуп, баарына уят болосуң, бардык классташтарыңаңа видеону көрсөтөм деп коркуткан», — деп айтып бердиэскерет Канышайдын байкеси Талант Байсеитов.

Байсеитовдун айтымында, мындан кийин Эржан кыз тууралуу Жолдошбай деген досуна айтып берген — ал Эржанга кээде мектептин мешин жагууга жардам берип жүрчү. Ал дагы Канышайды зордуктаган. Кыздын байкеси билдиргендей, мунун баары 2019-жылдын май айында болгон.

Ноябрь айында, тергөө иш-чаралары баштаганда, бул иштин үстүндө иштеген милиционер Индираны сүйлөшүүгө чакырып, жалгыз келүүсүн суранган. «Телефонумду сурап алып, өчүрүп салды. Оюмда жаман эч нерсе болгон эмес. Анан: "Жолдошбай, Эржан деген балдарды тааныйсызбы? Кечээ аларды суракка алдык… Алар сизге 30 миң сомдон 60 миң берели, эч кимге билдирбей ишти жаап салгылачы деп ыйлап жатышат"»,-деп Индира кызын акыркы жарым жылда үчкиши зордуктаганын ушинтип укканын айтып эскерди. Ал эми алардын экөөсү: «Бул акчаны жол кире кылып, ооруканага алып барып келгиле», — деп ага акча сунуштаган.

Индира акча алуудан баш тарткан, ал эми анын Талант аттуу тууганы берки эки кишиге каршы дагы арыз жазыш керектигин колдогон. Шектүүлөр сунуштаган сумма 30 миң сомдон 100 миң сомго чейин жеткен.

«Бул акчанын бизге эмне кереги бар? Эртең Канышайдын көзүн кантип карайбыз? Ага эмне дейбиз? Аны 200 миң сомго сатып салдык деп айтабызбы?» — деп жергиликтүү милиционерлердин ишды ине арызданды Талант.

Анын айтымында, тергөөчү «дагы эки адамга каршы арыз жазсаңар» Канышай менен анын үй-бүлөсү «бүт айылга уят болорун» айтып, алардын үй-бүлөсүн «айылдан кубалап чыгарын» эскертип, ишти эртерээк жабыш керектигин — «муну менен жакшылык каалап жардам берип жатканын» билдирген.

Анткен менен Канышайдын үй-бүлөсү Эржан менен Жолдошбайга каршы арыз жазышкан, бирок аларды бир нече жолу ИИМге жана Башкы прокуратурага арыздангандан кийин гана кармашкан.

Иллюстрация: Таня Сафонова / Медиазона

Ичип келип, сот отурумунда , уктап кеткен судья

2020-жылдын декабрь айында соцтармактарда Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбековду текшерүүнү талап кылган кампания башталган. Ал Эржан менен Жолдошбайды толугу менен актап, зордуктоо тууралуу берененин квалификациясын жеңилирээк (Жазык кодексинини 164-беренесине) «Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренесине алмаштырып, аларды сот залынан бошоткон. Ушул эле берене боюнча кызды Бишкекке алып кеткен үчүнчү айыпталуучу Урматты 7,5 жылга колонияга соттогон.

Кыздын байкеси актоо өкүм чыгарганы үчүн судьяга акча беришкенин айтууда. Анын айтымында, Соодонбеков ишти изилдөөгө да кызыкдар эмес болчу — ал дайым алаксып, бир нече сот отурумунда үргүлөп отурган, ал эми өкүм чыккан акыркы отурумга ичип келип, уктап кеткен.

Судьяга арыздануу жана анын ишмердигин текшерүү талаптарынан кийин Соодонбеков «ички туюмуна таянып» чечим чыгарганын айткан. Анткен менен судья эч бир жаза алган жок, учурда ал Тоң райсотунда иштеп жатат.

Экинчи инстанциядагы Ысык-Көл облустук соту 2021-жылдын мартында Эржан менен Жолдошбекти зордуктоо беренеси боюнча 15 жылдан эркинен ажыратып, ал эми Урматтын өкүмүн 20 жылга чейин көбөйткөн.

Митингдер жана коркутуулар

Биринчи инстанциядагы сотто актоо өкүмү чыккандан кийин айыпталуучулардын туугандары бир нече жолу кыздын үйүнө барып, ата-энесинен өкүмдүн үстүнөн даттанбоону, баарын «ушул бойдон калтырууну» суранышкан.

«Келип, балдарынын кылган иши үчүн кечирим сурап, кайра акча сунушташкан. Биз баш тарткандан кийин алар коркута башташты. Жаман сөздөрдү айтып, 13 жашар кызым эркек киши менен батирде жашап, ал жакта кийимин, идишин жууп жүргөн, ал эми бул балдарды өзү азгырган деп айтышкан. Алар өз көзү менен көргөндөй эле сүйлөшкөн», — деп айтып берди кыздын апасы.

«Настоящее время» басылмасынын журналистине интервью берип жатып, соттолгон кишилердин биринин атасы «кыз өзү бузулган болчу», ал эми анын уулу күнөөсүз экенин айткан. Башка туугандары дагы ушундай ойдо болушкан, алар Канышай «өзү күнөөлүү» деп, «жакшы балдарга» жалаа жапты деп билдиришкен.

Биринчи өкүмдөн кийин соттолуучулардын туугандары жергиликтүү администрация имаратынын алдына митингге чыгышкан. Алар буга чейин балдарды калптан коргош керек, Канышайдын үй-бүлөсү «айылды уят» кылганы үчүн аларды айылдан кууп салыш керек деген чакырыктар менен билдирүүлөрдү соцтармактарда таратышкан.

«Жанагыдай жаман сөздөр айтылгандан кийин элдин да көз карашы башкача болуп өзгөрдү. Соцтармактардагы комментарийлер дагы ар түрдүү — жаман сөздөр биздин дарегибизге дагы жазылып жатты. Кээде бирөө менен кизигип же телефон менен сүйлөшкөндөн заарканып жаттык», — дейт Индира.

2021-жылдын март айында Индира Канышай «бузулган кыз болгон» деп ачык айтып жүргөн эки айылдашын сотко берүүнү чечкен. Ал алардын ар биринен 5 млн сом компенсация талап кылган.

Доо арыз боюнча алгачкы сот отуруму 22-апрелде Тоң райондук сотунда өткөн: биринчи жоопкер — 15 жылга эркинен ажыратылган Жолдошбайдын атасы Казыш Койгелдиев отурумга келген эмес. Ал эми экинчи жоопкер — Садыр Мамытов — сот отурумуна документсиз жана адвокатсыз келген. Судья «бул сот, өздүгүңүздү такташ үчүн кандайдыр бир документтер керек» деген билдирүүсүнө Мамытов бош чөнтөктөрүн кармалап, үн каткан эмес. Кийин Мамытов адвокаттарга өз сөзүн артка алууга жана жалпыга ачык кечирим суроого даяр экенин билдирген.

Кийинки сот отуруму 24-майда өттү. Сот Канышайдын үй-бүлөсүнүн доо арызын жарым-жартылай канааттандырып, жоопкерлерди 20 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирди.

Котормочу болуп, дүйнө кыдыруу

Учурда Канышай Бишкектеги жабык мектеп-интернаттардын биринде окуйт. Ал буга чейин бир нече ай кризистик борбордо өткөргөн. Аталган борбордо аны менен психологдор иштешкен.

«Кызым азыр үйгө келе албай жатат, телефон чалып, сагынып жатам деп ыйлайт. Бирок ал келе албайт, келсе эле бөлмөсүндө ыйлап отура берет. Аны менен телефондон сүйлөшкөн да кыйын болуп калды, тынбай ыйлайт», — деп, тергөө башталганда биринчи күндөрү кызы тамак жегенден баш тартып, ар бир добуштан чоочулап, эжесини койнунан чыкпай жатканын эстейт Индира.

«Канча жаш төктүк, акыры "аман келгенине кудайга шүгүр" деп өзүбүздү соорото баштадык. Дагы кандай айла бар эле?» — деп өзүн жубатууга аракет кылды Индира.

Индира кызы котормочу болуп дүйнө кыдыруу үчүн англис тилин аракеттенип үйрөнүүнү улантат деп үмүт кылат.

Кыргызчага которгон: Кайрат Замирбеков